Ысык-Көлдө фирмага өтүп кеткен 60 гектарга чукул жер мамлекетке кайтарылды

УКМК менчикке берилип кеткен жердин баасы 14,6 миллион сомдун тегерегинде экендигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда мындан 24 жыл мурда өндүрүштүк-коммерциялык фирмага берилген 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Алгач 14,6 миллион сомдук жер Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен Отрадное айыл аймагынын өндүрүштүк-коммерциялык фирмалардын бирине бөлүнүп берилген. Анын негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик акт чыгарып, аны менен жер менчиктештирилген.
"Кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары жана өндүрүштүк-коммерциялык ишкананын төрагасы, жер комиссиясынын өкүлдөрүнөн, айыл өкмөтүнүн адистеринен турган комиссия тарабынан 2014-жылы жерди жеке максатта пайдаланууда коомдун 27 мүчөсүнүн жер тилкелерин анын төрагасынын жеке менчигине берүү зарылдыгы жөнүндө акт түзүлгөн. Ошол эле учурда кийин айыл чарба өндүрүштүк кооперативи болуп кайра түзүлгөн ишкананын мүчөлөрү Ак-Суу районунун Отрадное айыл аймагында иш жүзүндө жашаган эмес", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган сугат жерлер мамлекеттин балансына кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
"Бишкек машина куруу заводунун" менчикке өтүп кеткен жери кайтарылды