Руслан Бекназаров үй камагына чыгарылды

Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалып, декабрга чейин камалган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май районундук сотунун маалымат кызматы билдирди.
"Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 2-ноябрындагы токтомуна ылайык, Руслан Бекназаровдун 12-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү", — деп жазылат кабарда.
Сентябрда коомдук ишмер, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу, Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалып, декабрга чейин камалган.
Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбековдор эки айга камалды. Дагы кимдер бар?