Киселев: Россияга каршы толук кандуу маалымат согушу жүрүп жатат

Форум бүгүн башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россияга каршы толук кандуу маалыматтык согуш жүрүп жатат, бирок чындык биз тарапта. Бул тууралуу "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн Москвада "Россия сегодня" эл аралык медиаборборунда КМШ мамлекеттеринин "Өзгөрүп жаткан ааламдагы медианын өнүгүшү" деп аталган медиафоруму башталды.
"Россияга каршы согуш гибриддик мүнөзгө ээ болсо, маалыматтык согуш кадимкидей эле толук кандуу жүрүп жатат. Биз менен болгон каражатты колдонуп да, жаңысын ойлоп таап да түптүз, бетме-бет согушуп жатышат. Бирок майнап чыккан жок, анткени чындык биз тарапта", — деген Киселев форумдун ачылышында.
Анын баамында, "эгер европалык газ түтүктөрүнүн жардырылышы тууралуу чындыкты айтсак, ал англосактарга каршы болуп чыгат, ошондуктан айтылбайт". Киселев мындан башка да багыттарда ушундай эле жагдай экенин белгиледи.
Агенттиктин жетекчиси Россия маалыматтык согушта утулушта калбаганына токтолду. "Биз биримдиктебиз, туруктуулук бар, жеңишке жеткичекти ушундай маанайда болобуз", — деди ал.
"Россия сегодня" медиатобу Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен аталган медиафорумдун уюштуруучусу болуп саналат.
ЕАЭБ Батыштын чакырыктарына каршы турат. "Интеграция" форумунун маанилүү учурлары