Россия Индияга мунай саткан ири өлкөлөрдүн сап башына чыкты

Өткөн айда Индияда чийки мунайды импорттоо көлөмү сентябрга салыштырмалуу 5 пайызга өссө, Россиядан алынган көлөм 8 пайызга жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россия Сауд Арабия менен Ирактан озуп, октябрда Индияга эң көп мунай жеткирген өлкө болду. Бул тууралуу Vortexa компаниясынын аналитиктеринин айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Октябрда Россия Индияга күнүнө 946 миң баррель мунай жеткирген. Бул ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч (22 пайыз) болуп саналат. Ошол эле учурда октябрь айындагы жеткирүүлөрдүн 20,5 пайызы Иракка, 16 пайызы Сауд Арабиясына туура келген", — деп жазылат маалыматта.
Аналитиктердин эсептөөсүнө таянсак, өткөн айда Индияда чийки мунайды импорттоо көлөмү сентябрга салыштырмалуу 5 пайызга өссө, Россиядан алынган көлөм 8 пайызга жогорулаган. Россиянын мунайын деңиз аркылуу эң көп алган Кытай болгону менен Европа биримдигине салыштырмалуу Индия Россиядан мунайды деңиз аркылуу биринчи жолу көп алып кеткен.
Ошол эле учурда компаниянын аналитиктери Батыштын РФ мунайынын баасы боюнча сунушунан келип чыккан чектөөлөрдөн улам декабрь айында Россиядан Индияга мунай азыраак импорттоло турганын божомолдошкон.
Октябрдын башында Евробиримдик РФ мунайынын үчүнчү өлкөлөргө деңиз аркылуу ташуу баасынын чегин аныктоону камтыган Россияга каршы санкциялардын сегизинчи пакетин киргизген. 2022-жылдын 5-декабрынан тартып мунайга, ал эми 2023-жылдын 5-февралынан баштап мунай продукциясынын баасына лимит киргизүү пландалууда.
Жаңы союздаш зарыл. Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу Россияга ыктадыбы?