БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Россия Севастополдогу терактыдан кийин токтотуп койгон "эгин келишимин" ишке ашырууну кайрадан жаңылайт. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Тиешелүү кепилдик алгандыктан РФтин Стамбул азык-түлүк келишимине кайрадан катышары кабарланды.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Россия Севастополь акваториясындагы терактыдан кийин эгин келишимине катышуусун токтото турганын маалымдаган. 29-октябрь күнү Киев режими британиялык адистердин кийлигишүүсү менен "эгин коридорунун" коопсуздугун камсыздаган Кара деңиз флотунун кемелерине каршы теракт жасаган.
Эгин келишими
Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Стамбулда дүйнөлүк рынокко азык-түлүк жана үрөн жеткирүүдөгү көйгөйдү чечүү үчүн бири-бири менен байланышкан эки документке Россия, Украина жана Түркия кол койгон. Экөө бир пакет болуп саналат. Биринчиси — меморандум, ага ылайык, БУУ россиялык айыл чарба продукциясын жана үрөндү дүйнөлүк рынокко экспорттоого салынган чектөөлөрдү алууга милдеттендирген. Экинчиси, Киев көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан Украинанын айыл чарба продукциясын чыгаруу алгоритмин аныктайт. Бирок Москванын билдиргени боюнча, россиялык экспорт жаатында аталган келишим иштеген жок. Эгин макулдашуусунун мөөнөтү 19-ноябрда соңуна чыкмак.