Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: эгер Киев кепилдиктерди бузса, Москва эгин келишиминен чыгат

Путин Украина аркылуу Түркияга дан жеткирүүгө Россия тоскоол болбой турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Эгер Украина кепилдиктерди бузуп гуманитардык коридорлорду аскердик максатта колдоно баштаса, Россия эгин келишиминен чыгат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен болгон ыкчам жыйында билдирди.
Ал буга чейин Россиянын Кара деңиз флотуна сокку уруу үчүн Украина гуманитардык коридорду пайдаланганын эске салып, мындан улам эгин келишимине катышууну токтотуу чечими кабыл алынганын белгиледи.
Кийин Москва Киевден мындан ары бул сыяктуу иштер кайталанбайт, гуманитардык коридорлор аскердик максатта колдонулбайт деген кепилдик алган. Эки мамлекеттин ортосуна Түркия түшкөн.
"Түркия тараптын Коргоо министрлиги Украина ушундай кепилдик бергенин айткан. Буга байланыштуу мен Коргоо министрлигине бул ишти жандантабыз деген тапшырма бергем. Кокус Украина сөзүнө турбаса, Россия келишимден чыгып кетүүгө укуктуу", — деген Путин.
Анын айтымында, Москва келишимден чыгып кетсе, азыркыга чейин Украина аркылуу жакыр мамлекеттерге жеткирилип келе жаткан эгиндин бардыгын Россия акысыз берет.
"Бардык келишим жакыр мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызыкчылыктарын камсыз кылуу шылтоосу менен жүргүзүлүп келген. Бирок аларга Украина аймагынан дандын 4 пайызы гана жетип турган. Көбү Евробиримдикке кеткен", — деген президент.
Ал Украина аркылуу Түркияга дан жеткирүүгө Россия тоскоол болбой турганын кошумчалады.
РФ Коргоо министрлиги: Россия азык-түлүк келишимине катышуусун жандантат