Мезенцев постсоветтик өлкөлөрдөгү элди бириктирген жөрөлгөлөрдү унутпоого чакырды

Советтер Союзунун элдери Улуу Ата Мекендик согушта бир адамдай биригип салгылашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. – Sputnik. Союздук өлкөлөрдүн мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев постсоветтик аймактагы өлкөлөрдөгү эл биримдигинин сактаган салтты унутпоого чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жүздөгөн жылдардагы тарыхый жазууларыбызды кээде унутуп калып, биз биримдик туурасында айтабыз. Чуд көлүндө Александр Невский менен бирге полоцк жана витебск ратниктери урушка кирген. Советтер Союзунун элдери Улуу Ата Мекендик согушта салгылашты, андан соң ар бир республика Украина шаарларын, Минск, Могилевду, өрттөлгөн жүздөгөн беларусь айылдарын кайра калыбына келтирүүгө жардам беришти. Анда адамдар тирүүлөй күйүп да кетишкен. Муну бүгүнкү күндө медиааймакка кошуу абдан маанилүү, ал – бирдиктүү тарых тууралуу кеп", – деген Дмитрий Мезенцев КМШга кирген өлкөлөрдүн "Өзгөрүлүп турган дүйнөдөгү медиа" деп аталган форумунда.
Ал жакында эле РФтин ТИМ башчысы менен Беларустун Москвадагы элчиси коомчулукка тарыхый, уникалдуу документтерди алып чыкканын эске салды. Ал орус жана беларусь аймактарынын биригүүсү тууралуу болгон.
"Россия сегодня" эл аралык тобу РФтин Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникация министрлигинин колдоосу менен медиафорумдун уюштуруучусу болууда.
Киселев: Россияга каршы толук кандуу маалымат согушу жүрүп жатат