Жарым жылда РФ менен КРдин ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд. доллардан ашты

Акылбек Жапаров жолугушууда кыргыз жарандарынын Россияда жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 2022-жылдын январь-август айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2 миллиард доллардан ашып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42 пайызга өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүшкөн.
1 / 3

2022-жылдын январь-август айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2 миллиард доллардан ашып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42 пайызга өстү

2 / 3

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүшкөн

3 / 3

Жапаров мындай иш-чаралар Кыргыз-Россия күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашырууга кошумча түрткү берерин белгиледи

Жапаров мындай иш-чаралар Кыргыз-Россия күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашырууга кошумча түрткү берерин белгиледи.
"Кыргызстан менен Россияны соода-экономикалык, социалдык жана маданий-гуманитардык байланыш бириктирип турат. Тарыхый байланыштар, Евразиялык экономикалык биримдикте болуу эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыруу үчүн бекем негиз болуп саналат", — деген өкмөт башчы.
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн тогуз аймагына орус тилинде билим берүүчү орто мектептерди куруу боюнча биргелешкен ири долбоорлорду эске салып, кыргыз жарандарынын Россияда жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеген.
Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук эки өлкө кызматташтыгы көп кырдуу жана евразиялык интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө багытталганын айтты.
"Бир тууган эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер байыркы тарыхый байланыштарга, сый-урматка жана ишенимге негизделген", — деген Оверчук.
Акылбек Жапаров жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү максатында Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясын өзү жетектемей болду.
Эмгек министри Россотрудничествонун жетекчилиги менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер