"Кумтөр" тогуз айда 11,8 тонна алтын сатты. Канча өндүргөн?

Алтын казган компаниядан быйыл алтынды кандай баа менен саткандыгын айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында 11 тонна 805,37 килограмм алтын сатылып, андан 679,8 миллион доллар киреше түшкөн. Бул туурасында "Кумтөр голд компани" ишканасынын тогуз айлык отчетунда жазылган.

Алтын алуу

Отчеттук бул мезгилдин ичинде жалпы 12 тонна 110,3 килограмм, ал эми былтыркы жылдын январь-сентябры ичинде 9 тонна 112,4 килограмм алтын өндүрүлгөн. Мындай айырма руданын курамында кымбат баалуу металлдын көп болушу жана рудадан металлды бөлүп алуу коэффициентинин өсүшү менен шартталган.

Алтын сатуу

"2022-жылдын тогуз айында 379 551 унция сатылган. Бул — 11 тонна 805,4 килограмм алтын. 2022-жылы кымбат баалуу бул металлды сатуудан жалпысынан 679,8 миллион доллар түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми былтыр ушул мезгил аралыгында 504,3 миллион долларлык 8 тонна 705,7 килограмм алтын соодаланган.
Сатылган алтындын орточо баасы:
(Январь-сентябрь айларындагы маалыматтар)
2021-жыл — трой унциясы 1 802 доллар (31,1 грамм);
2022 — 1 791 доллар.
Депутаттар 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтөө үчүн комиссия түздү. Тизме