АКШ: HIMARS жана балдарга атылган конфеттер. Жосунсуз окуянын видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШнын Куралдуу күчтөрү Хеллоуинде HIMARS согуштук куралы менен конфеттерди чачырата атып, балдарга таратып берген.
Ал учурдун видеосун Sputnik Ближнее зарубежье өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Окуя Оклахома штатында жайгашкан Форт-Силл аскер базасында болгон.
Кадрдан аскерлер HIMARS куралынан жакынкы бир нече метр аралыкка момпосуйду чачырата атып, аларды ар кандай костюмчан балдардын чуркап барып терип жатканын көрүүгө болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жаңы Каховкадагы соккунун кесепети: аткылоодон ымыркай жапа чекти