Радио

Жээнбай уулу: Бишкекте ири инвестициялык форум өтөт

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу өлкөдөгү саясий абалдын олку-солкулугунан улам ири инвестициянын көлөмү төмөн экендигин айтты.
Sputnik
Bishkek Investment Forum бизнес-форуму өлкөгө инвестиция тартууга, ишкерлерге маалымат берип, багыт көрсөтүүгө жардам берет. Бул тууралуу Аззамбек Жээнбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форумда Борбор Азиядагы соода мамилелер жана тамак-аш коопсуздугу тууралуу сөз болот.
"10-ноябрда Bishkek Investment Forum бизнес-форуму бешинчи ирет уюштурулуп, колунда долбоору даяр ишкерлерге инвестор таап, идеясын ишке ашырууга шарт түзүлөт. Акыркы учурда дүйнөдө геосаясий абал өзгөрүп жаткандыктан бизнес дагы багытын өзгөртүүдө. Мындан тышкары, форумда Борбор Азия өлкөлөрүнүн бир регион катары дүйнө менен кызматташуусу кандай жүрөрү тууралуу кеп болот. Иш-чарага кыргызстандык жана коңшу өлкөлөрдүн спикерлери чакырылат. Бизде саясий абалдын туруктуу болбогондугуна байланыштуу ири инвестициянын көлөмү төмөн. Бирок ишкерлер үчүн мындай аянтчалар жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканын өсүшүнө өбөлгө болуп, инвесторлордун келишин шарттайт", — деди Жээнбай уулу.
Ошондой эле адис форумду JIA бизнес-ассоциациясы Экономика жана коммерция министрлиги жана башка өнөктөштөрдүн жардамы менен уюштуруп жаткандыгын кошумчалады.