ИИМ: Бишкекте 3 млн. долларга бааланган 56 кг метамфетамин табылды. Сүрөт

Афган жараны метамфетаминдин ири көлөмүн контрабанда жолу менен Афганистандан Кыргызстанга алып келип турган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте 56 килограмм метамфетамин табылып, аны сатууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизатты Россияга жөнөтүү үчүн Афганистандан Кыргызстанга алып келип жүргөн топтун ишмердүүлүгүн аныктаган.
1 / 3

Бишкекте 56 килограмм метамфетамин табылып, аны сатууга аракет кылгандар кармалды

2 / 3

Билдирмеге караганда, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизатты Россияга жөнөтүү үчүн Афганистандан Кыргызстанга алып келип жүргөн топтун ишмердүүлүгүн аныктаган

3 / 3

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча иш козголгон

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча иш козголгон.
"23-июлда Фучик көчөсүндө метамфетаминди сатууга аракет кылып жаткан жеринен 63 жаштагы киши кармалган. Укук коргоо кызматынын өкүлдөрү андан 3 килограмм 25 грамм болгон ак түстөгү зат салынган эки баштык алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк топтун дагы бир мүчөсү, 52 жаштагы афган жараны колго түшүрүлгөн.
"Ал метамфетаминдин ири көлөмүн контрабанда жолу менен кир жуучу порошок жана табигый шире түрүндө Афганистандан Кыргызстанга алып келип турган. Бул товар Бишкектеги кампалардын биринде катылган. Ыкчам кызматкерлер имаратты таап, ал жактан 7 килограмм 530 грамм баңгизатты алышкан", — деп жазылат кабарда.
Милиция, мындан тышкары, афган жараны убактылуу жашаган Лебединовка айылындагы үйдү да тинтип, ал жактан ичинде 64 бөтөлкө катылган коробкаларды тапкан. Бөтөлкөнүн ичинде метамфетамин болгон.
Жалпысынан 56 килограмм баңгизат табылганы айтылды. Булардан түшкөн акча Кыргызстанда 3 миллион 36 миң 144 доллар болмок. Кармалгандар №1 тергөө абагына киргизилген. Милиция учурда бул ишке тиешеси бар башка шектүүлөрдү издеп жатканы кошумчаланды.
600 миң сомго сатып жаткан... Ошто эки адам баңгизат менен кармалды. Сүрөт