Радио

Абдыкадырова: театр — адамга бул дүйнөгө эмнеге келгенин айтып берчү курал

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын актрисасы Динара Абдыкадырова борбор калаада Impulse аталышындагы эл аралык чакан театралдык фестивалы болуп өткөнүн айтты.
Sputnik
Жетинчи ирет өтүп жаткан бул иш-чарага Болгариянын, Казакстандын жана Кыргызстандын драма искусствосунун жогорку профессионалдуу жана таланттуу ишмерлери катышты. Спектаклдер коюлуп, режиссёрдук жана актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Бул тууралуу Динара Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фестиваль ар кайсы мамлекеттен келген театр ишмерлери баарлашчу аянтча болуп бере алды.
"Фестиваль быйыл жетинчи ирет өтүп жатат. Пандемия маалында токтоп калган. Театрда музыка баарлашчу жалгыз тил эмес. Кайсы гана тилде сүйлөбө, оюӊду көрүүчүгө жеткире аласыӊ. Андыктан фестивалдын негизги максаты — кыргыз театралдык искусствосун дүйнөлүк мейкиндикке интеграциялоо, театралдык искусство аркылуу элдерди бириктирүү, фестивалдын катышуучулары арасында диалог өткөрүү болуп саналат. Ошондой эле маданияттар аралык долбоорлорду демилгелөөгө, жаңы тенденцияларды көрсөтүүгө шарт түзөт. Театр — адамдарга адам экенин эскертип, бул дүйнөгө эмне максатта келгенин айтып берүүчү курал. Адамзатына түрткү берчү нерсе болбосо жашоодо кыймыл болбойт. Ошондуктан бул фестивалда "Жизнь без…", "Мата–Хари", "Атпагыла мен өлүкмүн", "Агнес, жена Уилла" жана "Саадак какты" өӊдүү жашоого шык берүүчү спектаклдер коюлду", — деди Абдыкадырова.
Ал Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры да чет мамлекеттердеги фестивалдарга катышып турарын кошумчалады.