Сыймыктанам! Россиялык балбан Акжол Махмудовго баа берди

Спортчу бутуна бир ай мурда Германиядан операция жасаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов тизесине операция жасатканына карабай россиялык балбан Роман Власовго берген убадасын аткарып, Новосибирскиге барды.
Белгилүү болгондой, спортчу бутуна бир ай мурда Германиядан операция жасаткан. Жаңы жылга чейин ал реабилитация курсунан өтөт. Машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовдун айтымында, балбан январдан баштап мелдештерге катыша алат.
Операция жасатканына карабай спортчу россиялык балбан Роман Власовго берген убадасына туруп, Новосибирскиде өтчү турнирге барган.
"Акжол — баатыр! Бутуна карабай Новосибирскиге келди. Сыймыктанам сени менен. Бул чыныгы эркектик сапат", — деп жазган Власов.
Спортчунун мындай постунун алдына Акжол Махмудов "бул колуман келген нерсенин чекеси гана" деген билдирүү калтырган.
Быйыл 500гө чукул ымыркайга Акжол, Жоламан, Амантур ысымдары ыйгарылган