Радио

Жунушев: Бишкекте "Жашыл экономика-2022" аймактык форуму өтөт

Экономика жана коммерция министрлигинин Стратегиялык пландаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси Мирлан Жунушев "Жашыл экономика-2022" форумунда Борбор Азиядагы орчундуу маселелер күн тартибинде караларын айтты.
Sputnik
11-ноябрда өтүүчү "Жашыл экономика-2022" форуму Борбордук Азияда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, кызыкдар тараптардын ортосунда ишкердик мамилелерди орнотууга, алардын потенциалын жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга шарт түзгөн аянтча болот. Бул тууралуу Мирлан Жунушев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форум пленардык үч сессияда каралып, Борбор Азиядагы электротранспорт, туризмдин туруктуу өнүгүшү жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү темаларына басым жасалат.
"11-ноябрда өлкөдөгү жашыл экономиканын өнүгүшүн шарттаган "Жашыл экономика-2022" форуму өтөт. Иш-чара Борбордук Азияда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, кызыкдар тараптардын ортосунда ишкердик мамилелерди орнотууга, алардын потенциалын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн туруктуу платформасын түзүүгө багытталат. Учурда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн жашыл экономиканы алдыга жылдыруу мезгилдин зарылдыгы болуп турат. Форум үч пленардык сессияда каралып, Борбор Азиядагы электротранспорт, туризмдин туруктуу өнүгүшү жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү темаларында талкуу жүрүп, алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөйт", — деди Жунушев.
Ошондой эле адис форумдун алкагында Green EXPO көргөзмөсү уюштурулуп, "жашыл технологияларды" ийгиликтүү ишке ашыруу жолдору сунушталып, жаңы ыкмалар талкууланарын кошумчалады.