"Кыргыз автожол" ишканасы тинтилип, кызматкерлерине иш козголду

Ишканадагылар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 12 миллион сомдук зыян келтиргени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызматкерлерине мамлекетке ири зыян келтирген деген кине менен иш козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 4

"Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызматкерлерине мамлекетке ири зыян келтирген деген кине менен иш козголду

2 / 4

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козгогон

3 / 4

Бул иштин алкагында 12 миллион сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталып, аталган ишкананын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды

4 / 4

УКМК учурда тергөө ыкчам иш-чаралары жүрүп жаткандыгын кошумчалады

"Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдары көп убакыттан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча негизсиз, ашыкча баалап, кылмыштуу схеманы уюштурушкан", — деп айтылган маалыматта.
УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козгогон.
Бул иштин алкагында 12 миллион сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталып, аталган ишкананын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.
УКМК учурда тергөө ыкчам иш-чаралары жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
"Бишкек машина куруу заводунун" менчикке өтүп кеткен жери кайтарылды