БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Эми Twitter платформасында баракчаны верификациялоо үчүн акы алынат. Бул тууралуу Verge өздүк булактарына таянып жазды.
Анда маалымдалгандай, учурда платформаны жаңылоо иштери жүрүп жатат. Андан кийин баракчаларды верификациялоо Twitter Blue — ай сайын катталуу үчүн акы төлөгөн колдонуучуларда гана болуп, баасы 4,99 доллардан 19,99 долларга чейин көтөрүлөт. Мындан тышкары, буга чейин верификация алган колдонуучулар 90 күн ичинде кайрадан катталбаса алардын баракчасынан көк белги алып салынат.
Социалдык тармактын жаңы кожоюну Илон Маск баракчасына "верификация боюнча бардык процесстер жаңыланып жатат" деп жазган. Verge басылмасынын маалыматы боюнча, Маск иштеп жаткан кызматкерлер ишти 7-ноябрга чейин бүтүрбөсө жумуштан кетерин айткан.
Илон Маск Twitter корпорациясын 28-октябрдан баштап расмий жетектей баштаган, ошол эле күнү мурдагы башкаруучуларды кызматтан кетирген. Социалдык тармакты сатып алууга ал 44 миллиард доллар жумшаганы айтылды. Бизнесмен Twitter корпорациясын түрдүү темалардагы маселелерди акыл калчап талкуулай алчу аянтчаны сактап калуу максатында сатып алганын айткан. "Мындай аянтча келечектеги цивилизация үчүн керек", — деген ал.