Садыр Жапаров БАЭнин биринчи президентинин күмбөзүнө барды. Сүрөт

Президент ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилегин калтырган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) жасаган иш сапарынын алкагында шейх Заеддин Абу-Даби шаарындагы күмбөзүнө жана анын ысымы коюлган мечитке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) жасаган иш сапарынын алкагында шейх Заеддин Абу-Даби шаарындагы күмбөзүнө жана анын ысымы коюлган мечитке барды

2 / 4

Белгилей кетсек, шейх Заед бин Султан Аль-Нахаян — БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти

3 / 4

Жапаров анын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты

4 / 4

Андан соң шейхтин сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирип, ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилегин калтырган

Белгилей кетсек, шейх Заед бин Султан Аль-Нахаян — БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти. Жапаров анын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.
Андан соң шейхтин сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирип, ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилегин калтырган.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы Жапаров учурда иш сапар менен БАЭде жүрөт.
Биргелешкен холдинг түзүлөт. Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда кол коюлган документтер