Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

NYT: атайын операциядан бери РФтин бир топ мамлекет менен соода жүгүртүүсү өстү

Улуу Британия Россия менен соода жүгүртүүнү 79 пайызга кыскартса, Германия болгону 3 пайызга азайткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Украинада атайын аскердик операция башталгандан бери бир топ мамлекет менен Россиянын соода жүгүртүүсү өстү. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.
Кеп Түркия, Индия, Кытай, Бразилия, Бельгия, Испания, Нидерланд жана Япония тууралуу болууда. Гезиттин маалыматына ылайык, пайыз менен алганда Россия менен соода жүгүртүү жагынан Бельгия (81 пайыз) Кытайдан (64 пайыз) ашып кеткен.
Россия менен соода-сатыкты көп жүргүзгөн мамлекеттердин алдыңкы сабына Индия (+310 пайыз) жана Түркия (+198 пайыз) чыккан. Улуу Британия Россия менен соода жүгүртүүнү 79 пайызга, ал эми Германия болгону 3 пайызга азайткан.
РФ ишкерлери Кыргызстандын кайсы тармагына инвестиция салса болот? Адистин жообу