Россия, Армения жана Азербайжан лидерлеринин саммитинин жыйынтыгы

Буга чейин Владимир Путин Пашинян жана Алиев менен өз-өзүнчө да жолуккан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Сочи шаарында Россия, Армения жана Азербайжандын лидерлеринин 31-октябрь күнү кечинде өткөн саммитти эки саатка созулду.
Россия президенти Владимир Путин жыйындан кийин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхом Алиев менен биргеликте жыйынтык чыгарды:
жолугушуу пайдалуу болду, келечектеги сүйлөшүүлөр үчүн жакшы шарт түзүлдү;
өлкө лидерлери тарабынан Карабах боюнча биргелешкен билдирүү макулдашылды. Айрым жагдайлар боюнча эпке келүүгө мүмкүн болгон жок, адистер тарабынан буга чейин иштелип чыккан кээ бир пунктуларды алып салууга туура келди;
саммит тараптардын келечекте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү мүмкүн экендигин көрсөттү, себеби мамиленин жакшы болушуна бардык тарап кызыкдар;
Россия абалды аягына чейин турукташтыруу үчүн бардык аракеттерди жасайт.
Буга чейин Путин Пашинян жана Алиев менен өз-өзүнчө да жолугушкан. Негизги тема – Тоолуу Карабахтын айланасында жаралган кырдаал жана Армения — Азербайжан чек араларындагы чыңалган абалды жөнгө салуунун жолдорун издөө.
Армения — Азербайжан чыры боюнча ЖККУ онлайн-саммит өткөрдү. Жыйынтыгы