Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Өзүнө өзү тыюу салды. Путин Киев менен мунасага келүү тууралуу

Өлкө башчысы Россия мурдагыдай эле сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Украина менен мунасага келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып Киевдин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө каалоосу жок экенин эскертти. Өлкө башчысы бул тууралуу Россия, Азербайжан жана Армения башчыларынын жолугушуусунан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Стамбулда эпке келгендей болгонбуз, кийин алар баарын жокко чыгарып салышты. Эми өздөрүнө өздөрү биз менен сүйлөшүүгө тыюу салып жатышат. Экинчи тараптын таптакыр каалоосу жок болсо сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү тууралуу кантип сөз кылабыз", — деди Путин.
Ал өз сөзүндө Россия мурдагыдай эле сүйлөшүүлөргө даяр экенин, экинчи тараптын мунасага келүүгө бышып жетилишин күтө турганын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы азыркы кырдаалга Россия эмес, Батыш күнөөлүү