БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Өзбекстанда чек арадагы чагымчылыкты эскертип туруу үчүн 120 мобилдик топ түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын парламентинин сайтында жазылган.
Маалыматка караганда, мобилдик топтун курамына ИИМ, Мамлекеттик коопсуздук кызматы, Улуттук гвардия жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери кирди.
"Бул топтор коңшу мамлекеттерде түзүлгөн социалдык-саясий кырдаалдын таасирин алдын алуу жана калктын тынч жашоосун камсыз кылуу максатында уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, коңшу өлкө чек арага жакын жайгашкан аймактарында "Чегара-тозалаш" ("Чек араны тазалоо") аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөргөн. Анда күч түзүмдөрү жергиликтүү малчы, мергенчи жана токой чарбасынын кызматкерлери менен чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн.