БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Бишкек машина куруу заводунун" менчикке өтүп кеткен 82,4 миллион сомдук 62 гектар жери кайра ишкананын балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Сокулук районунун прокуратурасы акцияларынын 75,8 пайызы мамлекетке таандык болгон "Бишкек машина куруу заводу" ААКга таандык жерди сатуунун мыйзамдуулугун текшерген. Ал жер тилке Новопавловка айылында жайгашкан.
"Текшерүүдө ишкана башкармалыгынын протоколун жана чечимин, ошондой эле бул жер участогун сатып алуу, сатуу бүтүмүн тариздөө үчүн ишеним кат жасалмаланганы, 62 гектар жер менчик тарапка өтүп кеткени аныкталды. Мындан улам бул жерди сатып алуу, сатуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө Сокулук райондук сотуна доо арызы берилген. Натыйжада прокуратуранын доо талаптары толугу менен канааттандырылып, алар жараксыз деп табылды", — деп жазылат билдирмеде.
Жыйынтыгында жалпы баасы 82 миллион сомго бааланган жер ишкананын башкармалыгынын чечими менен баланска кайра алынганы кошумчаланды.