Радио

Абдылдаева: ата-эне майып баланы социалдаштырууга басым жасашы зарыл

Билим берүү министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева мектепке барбай калган окуучулардын көбүн майыптыгы бар балдар түзөрүн айтты.
Sputnik
Республикада майып балдардын жалпы билим берүү мекемелеринен окубай калган көйгөйү бар. Мында биринчи кезекте ата-энелер аларды коомго аралаштыргысы келбей, аяй бергени себеп. Мындай пикирин Гүлшан Абдылдаева Казакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды үйдөн окутуу боюнча программа иштелип чыккан.
"Өлкөдө окубай калган 18 жашка чейинки балдардын көп бөлүгүн да ушул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар түзөт. Мунун башкы себеби ата-энелер аларды аяп, катардагы балдарга көп кошкусу келбейт. Экинчиден, көпчүлүк билим берүү мекемелеринде тиешелүү деңгээлде бардык шарттар каралган эмес. Мындан улам окуучуларды үйдөн окутуу боюнча программа иштеп чыкканбыз. Анын алкагында майыптыгы бар экени дарыгерлер тарабынан аныкталып, справка берилген балдарды үйдөн окутабыз. Бүл үчүн ошол окуучунун ата-энеси же жакындары өз аймагындагы билим берүү мекемесине арыз менен кайрылуусу абзел. Ошондо гана ал мектепте иштеген жергиликтүү мугалимдер баланын үйүнө барып, сабак өтө башташат. Мындай кадам балага канчалык бир деңгээлде болсо да билим берүү үчүн жасалган аракет. Бирок ата-эне ошол баланы, тескерисинче, коомго көбүрөк аралаштырып, социалдаштыруусу зарыл. Анткени үйдөн жалгыз билим алган башка, ал эми өзү теңдүү балдарга аралашып, мектептен окуган такыр башка жыйынтык берет", — деди Абдылдаева.
Ал келечекте баланын ийгилигинин 70 пайыздайы анын коомго аралашып, тил табышуусунан көз каранды болорун кошумчалады.