"Санарип Кыргызстан — 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында Стандартташтыруу жана метрология борбору техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук фондун санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Гүлкайыр Токсонбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргызстандарт" мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгып, стандарттарды сатуунун интернет-дүкөнүн ачты.
"Санарип Кыргызстан — 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында Стандартташтыруу жана метрология борбору техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук фондун санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыгып, стандарттарды сатуунун интернет-дүкөнү ачылды. Ал эми учурда өлкө аймагында 27 миңге жакын стандарт иштейт. Анын 12,1 миңи автоматташтырылган маалымат системасына киргизилди. Мындай иш-аракеттер бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн, мамлекеттик органдарды, бардык кызыкдар тараптарды заманбап стандартташтыруу документтери менен камсыз кылат. Бул документтер талаптарды аткаруу механизми катары кызмат кылат,— деди Токсонбаева.
Ошондой эле адис ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын аткаруу максатында "Кыргызстандарт" коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.