Былтыр Кыргызстандан биротоло чыгып кеткендердин саны өстү, көбү аялдар

Ошол эле учурда ички миграция дагы күч алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Былтыр Кыргызстандан башка өлкөгө жашоо үчүн биротоло чыгып кеткендердин саны өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылы республикага 8 229 (2020-жылы 961 болчу) киши чет өлкөдөн келсе, кайра 8 998 (2020-жылы 5 822) жаран чыгып кеткен.
"Кыргызстандыктар туруктуу жашоо үчүн тандаган мамлекеттердин сап башында мурдагыдай эле Россия менен Казакстан турат", — деп айтылат билдирүүдө.
Башка мамлекетке кеткендердин көбү, тагыраагы, 5 227си — аялдар.
Ошол эле учурда ички миграция дагы күч алууда. Мурдагыдай эле өлкөнүн ар тарабынан Бишкек шаарына агылгандардын саны жогору бойдон калууда.
Кыргызстандыктар Перс булуңунун 7 өлкөсүндө иштей алат. Учурда 815 орун бар