Афганистанда талибдер ИИМге кызматка аялдарды ала баштады

Азыркы тапта жаңы бөлүмдө кызмат кылуу үчүн 100дөй аял окутулуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Талибдер Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн алдындагы ИИМдин коомдук коопсуздук бөлүмүнө аялдарды алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Министрликтин маалыматына караганда, азыркы тапта бул бөлүмдө кызмат кылуу үчүн 100дөй аял окутулуп жатат. Бирок алар ИИМде кандай кызмат аткарарын талибдер ачык айтышкан эмес. Эксперттердин ою боюнча, ИИМге кызматка алынган аялдар нааразычылык акциясына чыккан кыз-келиндерге каршы колдонулат.
"Бул "Талибандардын"* аялдардын чогулуш, нааразычылык акцияларын жок кылуу үчүн чыгарган тактикасынын бири", — деген аялдар укугу үчүн күрөшкөн Мухадиса Амин.
Эске салсак, октябрь айында Бадахшан провинциясындагы жана Кабул шаарындагы университеттин студенттери демонстрацияга чыккан. Себеби ага чейин талибдер хиджабы жок деген шылтоо менен айрым кыздарды окуу жайга киргизбей койгон.
"Талибан"* буга чейин кыздар жана аялдарга башка да чектөөлөрдү киргизген. Маселен, аларга көчөгө хиджабы жок чыгууга тыюу салынып, алтынчы класстан кийин мектепке баруусуна чектөө коюшкан.
Талибдер аялдар менен эркектердин паркта бир убакта сейилдөөсүнө тыюу салды