Эмгек министри Россотрудничествонун жетекчилиги менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Министр мамлекет Баткен облусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, Эмгек министрлиги менен Россотрудничество аймакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырса болорун кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана жаштар, ыктыярчылар долбоорунун куратору Баира Буваева менен жолукту.
1 / 3

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана жаштар, ыктыярчылар долбоорунун куратору Баира Буваева менен жолукту

2 / 3

Маалым болгондой, алар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландары менен бөлүшкөн

3 / 3

Министр мисал катары Россия менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашып жаткан долбоорлорду келтирген

Маалым болгондой, алар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландары менен бөлүшкөн.
"Россотрудничество Кыргызстанда түрдүү аспектиде иш алып барат. Анын ичинде: жаштарга, карыларга, миграцияга байланышкан маселелер, калктын аялуу катмарына жардам сыяктуу Эмгек министрлигине тиешелүү иштер бар. Биз Россия, анын ичинде Россотрудничество менен кызматташууга өзгөчө маани беребиз", — деген Базарбаев.
Министр мисал катары Россия менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашып жаткан долбоорлорду келтирген. Ал мамлекет Баткен облусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, Эмгек министрлиги менен Россотрудничество аймакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырса болорун кошумчалаган. Ошондой эле министр өлкөдө миграциялык борборлорду ачуу пландалып жатканын айткан. Өз кезегинде Зульхарнеев Россотрудничествонун Кыргызстандагы иши тууралуу маалымат берген.
"Россотрудничество буга чейин билим берүү менен маданиятка өзгөчө көңүл буруп келген. Россиянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык абитуриенттер үчүн квота 500дөн 700гө чейин көбөйтүлдү. Ар кандай маданий иш-чаралар өтүп жатат. Эми биз социалдык иштерге да басым жасай баштадык", — деген ал.
Россотрудничество: Кыргызстан менен Россия социалдык чөйрөдө кызматташат