Чүйдө 10 гектар жерге 2,5 миң түп жаңгак көчөтү отургузулду

Көчөт менен Жалал-Абад облусунун Каба токой чарбасы камсыз кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Чүйдөгү токой-аңчылык чарбасынын 10 гектар аянтына 2 миң 500 түп жаңгак көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Чүйдөгү токой-аңчылык чарбасынын 10 гектар аянтына 2 миң 500 түп жаңгак көчөттөрү отургузулду

2 / 3

Билдирмеге ылайык, мындай иш-аракеттер "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында жүрүп жатат

3 / 3

Көчөт менен Жалал-Абад облусунун Каба токой чарбасы камсыздаган

Билдирмеге ылайык, мындай иш-аракеттер "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында жүрүп жатат. Көчөт менен Жалал-Абад облусунун Каба токой чарбасы камсыздаган.
"Ошондой эле Ош токой чарбасынын аймагындагы 1 гектар жерге 500 түп Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Өлкө аймактарына көчөт отургузуу иштери Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн демилгеси боюнча Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгынын 30 жылдыгынын урматына карата өтүүдө. Буга байланыштуу символикалык көрсөткүч катары 3 миң түп көчөт отургузуу болжолдонгон", — деп жазылат маалыматта.
Министрликтен Чүйдөгү токой чарбасына көчөт отургузуу иштерине 250гө жакын адам катышканын билдиришти.
"Жашыл мурастын" күзгү акциясы Нарындан башталып, 950 көчөт отургузулду. Сүрөт