БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды-Булак айылына АРИС уюмунун "Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун" алкагында фельдшердик-акушердик пункт курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
ФАПтын курулушунун жалпы наркы 3 миллион 531 миң 291 сомду түзгөн, анын 127 миң 639 сому Баетов айыл өкмөтү тарабынан каржыланган. Медициналык бул жай заманбап үлгүдө салынып, пайдубалдары бышкан кыштан тургузулган. Таза суу киргизилип, саркынды суулары үчүн канализациясы кошо курулуп, керектүү эмерек, жабдуулар менен камсыздылган.
Андан сырткары, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан жана райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору тарабынан ФАПка гинекологиялык стол, кардиомонитор берилери убадаланды.