"Кыргызстанга жалпысынан быйылкыга 276 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет. Бул айдоо жерлеринин аянтына жараша эсептелип чыгат. Анын 155 миң тоннасы азоттук, 105 миңи фосфордук жана 17 миңи калийдик жер семирткич катары колдонулат. Ушул жылдын октябрына карата Кыргызстанга 116 миң тонна жер семирткич алып келинди. Агрохимикаттарды чыгарган завод бизде жок болгондуктан, толугу менен импорттон көз карандыбыз. Тактап айтканда, ташылган жер семирткичтердин 70-80 пайызы Өзбекстандан, 15-20 пайызы Россиядан жана 5-10 пайыз Казакстандан алынат. Дүйнөлүк окуяларга байланыштуу быйыл баалар абдан жогору болуп, дыйкандардан нааразычылык болду. 2023-жылга карата өлкөдө жер семирткич таңсыктыгы жаралышы мүмкүн. Ага дүйнөдөгү саясий-экономикалык абал, баалардын өсүшү таасир бериши ыктымал. Бирок так маалымат айтуу кыйын болуп турат", — деди Идрисов.