Автоэксперт: жайкы дөңгөлөктү кышкыга азыр алмаштыра бериңиз

Адис сапаттуу дөңгөлөк алууну сунуштап, андан акча аябаш керектигин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Айдоочулар автоунаасынын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга азыртадан алмаштыра берсе болот. Бул тууралуу "Известия" басылмасына автоэксперт Роман Солдатов билдирген.
"Айдоочуларга азыртан автоунаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыра бергиле деп кеңеш берет элем. Анткени суук түшүп жолдор тоңо баштады. Эртең кайра күн ачылып кетсе деле автоунааны кышкы дөңгөлөк менен айдоого көнө бериш керек. Азырынча жол тайгак эмес, автоунаа катуу болуп сезиле берет. Анан күтүүсүздөн кар жаап, катуу суук башталганда айдоочу баарына даяр болуп калат", — деген адис.
Солдатов дөңгөлөк алмаштырууда акча аябаш керектигин эскерткен. Анткени арзандары көпкө жетпей, керек болсо жол кырсыгына кептеши ыктымал.
Буга чейин адис Павел Константинов айдоочулар автокөлүктүн дөңгөлөгүн жайкы сезондон кышкыга абанын температурасы беш градустан төмөн болгондо алмаштырышы керектигин айткан.
Ош-Бишкек жолунда жайкы дөңгөлөктүү автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды