Латвиянын Даугавпилс шаарында советтик жоокерге тургузулган эстеликти алууга каршы чыккан отузга чукул адамды полиция кармап кетти.
Эске салсак, түндө бийликтин чечими менен 18-ноябрь көчөсүндөгү мемориал менен Слава багындагы стелла алынган. Эки эстеликти тең "тоталитардык режимди даңктаган" эмгек деп табышты.
Аталган шаардын жашоочулары бир нече күн монументтердин алдына шам жагып жана гүлдесте алып келип жатышкан. Бирок эстеликтерди аларда полиция чогулган элди артка сүрүп салды.
Талкалай турган атайын техникалар эки объектиге жакындап келгенде эл нааразылыгын билдирип, полициянын автоунаасына бөтөлкөлөрдү ыргыта баштаган. Жергиликтүү тартип сакчылар ал жерден 37 кишини кармап кетти.
Тема боюнча: