БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Түштүк Кореянын The Chosun Ilbo гезити Сеулда 29-октябрь күнү 150дөн ашуун кишинин өлүмүнө алып келген кырсык кандайча болгонун жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, каргаша Хеллоуин майрамын белгилөө учурунда болгон. Барлар менен клубдар жакын жайгашкан метронун станциясына 130 миңдей адам чогулган. Көчөнүн туурасы болгону төрт метр экенин эсепке албаган эл башкы көчөгө агылган. Адамдар мүнөтүнө бир нече гана кадам жасашканы айтылды. Болжол менен саат 22.15те алгачкылар жыгылып, артындагылар үстү-үстүнө кулаган.
Күбөлөрдүн айтымында, биринин үстүнө бири кулагандар 6-7 катар болуп калганына карабай масса алдыга жылып, абалды курчуткан. Кайсы бир маалда 18 чарчы метрде 300дөй адамдын калганы айтылды.
Медиктер жабыркагандарга саат 23.00дө гана жете алышкан. Бул маалда алгачкы болуп жыгылгандар каза болуп калганы аныкталган. Итхэвон районунда болгон кырсыктын натыйжасында 154 киши өлүп, 130дан ашуун адам ар кандай жаракат алган. Көз жумган 26 чет элдиктин арасында Россиянын да төрт жараны бар.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялады, ал 5-ноябрга чейин созулат.