Асма көпүрөдөгү кырсык. Садыр Жапаров Индиянын премьерине көңүл айтты

Жапаров жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Гуджарат штатында болгон каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
"Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бүткүл кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм", — деп жазылат президенттин телеграммасында.
Эске салсак, Индиянын Гуджарат штатында асма көпүрө кыйрап, бир топ адам көз жумган. Odisha TV телеканалынын маалыматы боюнча, көпүрө кыйраган учурда анда 500дөй киши болгон. Арасында балдар дагы бар экени, 350дөй кишинин сууга кулаганы айтылган.
Жүздөн ашык өмүр кыйылган окуя: Индиядагы көпүрө кулаган учурдун видеосу