Күрмөсүн чечип карматып... Жапаровдун Казакстандагы видеосу

Садыр Жапаровду Акордо сарайында Касым-Жомарт Токаев күтүп турган. Сырткы кийими менен унаадан түшкөн Жапаров Токаевге жеткенче күрмөсүн чечип үлгүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Өткөн аптада президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барган. Казак ЖМКлары Жапаровдун ошол учурдагы видеосун жарыялап жатат. Өлкө башчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары жана Европа кеңешинин президентинин пландалган саммитинде болгон.
Казак ЖМКлары видеону жүктөп: "Кыргыз делегациясы Акордо сарайынын ичинде болчу. Садыр Жапаров сарайга күрмөчөн бара жаткан. Аны Касым-Жомарт Токаев күтүп турган эле. Бул учурда Кыргызстандын президентине Токаевдин мобилографы жардамга келди. Жапаров сырткы кийимин чечип ага карматты", — деп жазышкан.
Президент Жапаровду Абу-Дабиде кантип тосуп алышты. Видео