Радио

Касымбеков: балдардын каникулдагы графигин ата-эне түзүп бергени туура

№ 24 мектептин класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Улар Касымбеков мектеп окуучулары күзгү каникулду кантип пайдалуу өткөрсө болорун айтып берди.
Sputnik
Адатта эс алуу деп айтылганы менен мектептерде кошумча ийримдер улана берет. Алсак, тил, бий, тогуз коргоол, комуз үйрөтүү жана спорттук курстар бар. Учурда аталган ийримдерге катышкан балдар көп. Бул тууралуу Улар Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарды программалоо жана робот техникасы боюнча сабактарга жаздырса болот.
"Балдар катышкан курстардын арты менен эл аралык жарыштарга барып турушат. Алсак, биздин мектептин окуучулары Женевадагы робот техникасы багытындагы жарыштан байгелүү кайтышты. Эӊ негизгиси балдардын кыска каникулдагы графигин ата-эне түзүп бергени туура. Учурда чоӊдор мектеп учурунда тилдерди жакшы үйрөнүп албаганына өкүнүшөт. Бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү жөнөкөй деңгээлде да чет тилде сүйлөй албайт. Ошондуктан эс албастан интернет булактарындагы даяр окуу куралын пайдаланып үйрөнүү зарыл. Мүмкүнчүлүк болсо кыска мөөнөттөгү лагерь, окууларга (сүрөт, кулинария) жибериӊиздер. Ал жерден бала өз алдынча болууга көнөт", — деди Касымбеков.
Ал балдардын окууга болгон концентрациясын жоготпош үчүн китеп окуусуна да убакыт бөлүү керектигин кошумчалады.