Маркумдар күнүнөн Сеулдагы адамдар өлгөн кандуу тыгылышка чейин. Апта ирмеми

Мексикада Маркумдар күнү белгиленсе, Индияда көпүрө кыйрады, Газа секторунда израиль-палестина аскерлеринин кагылышы уланууда... Sputnik өткөн аптадагы болгон окуялардын сүрөттөрүн жарыялайт.
Sputnik
1 / 17

Новосибирскиде кечинде байкалган Күндүн жарым-жартылай тутулуусу

2 / 17

Korean Air компаниясынын лайнери Мактан-Себу (Филиппиндер) эл аралык аба майданында учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти. Бортто 162 жүргүнчү, экипаждын 11 мүчөсү тез арада эвакуацияланган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

3 / 17

Эфиопиянын Дыре Дауа аймагындагы желим бөтөлкөлөрдү чогултуп жүргөн энеси менен кызы

4 / 17

Консерваторлор партиясынын жаңы лидери, Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Риши Сунак партиянын Лондон шаарындагы кеңсесинин жанында

5 / 17

Ламасын ээрчиткен көчөдө иштеген фотограф жамгырда калды. Богота (Колумбия) шаары, Боливар аянты.

6 / 17

Мурдагы футболист Зинедин Зидан өзүнүн момдон жасалган эстелиги менен сүрөткө түшүп жатат. Париж, Гревен музейи.

7 / 17

Подмосковьедеги бөрү карагаттын бубак баскан жалбырагы

8 / 17

Палестиналык митингчи Газа секторунда Израиль менен чектешкен аймакка таш ыргытып жатат

9 / 17

Индонезиялык жоокерлер Бали аралында G20 саммитинин даярдыгынын алкагында коопсуздукту камсыздоо боюнча машыгуудан өтүп жатат

10 / 17

Маркумдар күнүн белгилеген Мексикадагы жөрөлгөдө уюштурулган Катрин парады

11 / 17

Полиция-кинолог жана анын кызматтык ити Тихар (Непал) фестивалы учурунда

12 / 17

Фудзи тоосу жана Токидогу турак үй

13 / 17

Карачи (Пакистан) шаарындагы пляжда уктап жаткан кыз

14 / 17

Машыктыруучу Алиса Нестерова өзү үйрөткөн жолборсу менен. Саратов шаарындагы эл аралык фестивалдан бир ирмем.

15 / 17

Сеулда (Түштүк Корея) бул жылкы Хэллоуин кандуу болду. 154 адам Итхэвон районундагы жөөлөшүүдөн тебелендиде калып көз жумду.

16 / 17

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен аймагындагы турак жайды калыбына келтирүү үчүн иштеп жаткан куруучу

17 / 17

Индиянын Гуджарат штатында асма көпүрө кыйрап, бери дегенде 130 киши өлдү. Кырсыктан кийин дарыядан 177 адам куткарылган. Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы бул көпүрө 140 жыл мурда курулган. Ал жети жыл реконструкцияланып, 26-октябрда колдонууга берилген.

Тема боюнча:
Бий коштогон сулуулук. Кремлдеги бий турниринен тартылган 10 сүрөт
Коңур күз, алтын күз. Бишкектен тартылган он сүрөт
Ааламдын сулуу, айжаркын айымдары. 10 сүрөт