Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Дипломатты иштен алуу боюнча мамлекет башчы жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Дипломатты иштен алуу боюнча мамлекет башчы Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон.
"Асеин Исаев Кыргыз Республикасынын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Бангладештеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Дипломат бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Садыр Жапаров Кытайдагы элчини алмаштырды