Кыргызстандыктар Перс булуңунун 7 өлкөсүндө иштей алат. Учурда 815 орун бар

Жумуш бере турган тарап визаны акысыз берип, ал жакка барган жол киресин төлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Сауд Арабиясы жана Перс булуңунун алты мамлекети Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.
Мекеменин маалымат кызматы жазгандай, БАЭде кыргызстандыктарды Перс булуңундагы мамлекеттерге жумушка орноштуруу боюнча министрлик менен аталган өлкөлөрдүн менчик компанияларынын ортосунда келишимге кол коюу аземи болгон.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаров чет жактагы кыргыз жарандарын жумушка мыйзамдуу орношуусуна, эмгек миграциясына өзгөчө көңүл бурууда. Бул үчүн министрлик Сауд Арабия, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт жана Иордания мамлекеттериндеги компаниялар менен келишим түздү", — деген министр.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган өлкөлөргө 815 вакансия бар.
"Жумуш бере турган тарап визаны акысыз берип, ал жакка барган жол киресин төлөйт. Ошондой эле иштей турчу адам документтерге байланышкан иштерге да чыгым болбойт", — деген Базарбаев.
Министрлик кошумча маалыматты Жарандарды чет жакта жумушка орноштуруу борборуна барып же migrant.kg. сайтынан алса болорун кошумчалады.
Социалдык кепилдиктер берилет. РФ компаниялары кыргыз жарандарын ишке чакырды