БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кемпир-Абад суу сактагычын Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешип башкаруусу жөнүндөгү келишим долбоорун жактырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга комитеттин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, келишим долбоорун жыйынга катышкан бардык депутаттар жактырышкан.
Жыйын жабык өттү. Султанбекова бул кылдат каралчу маселе экенин, туура эмес маалыматтар жайылып кетпеши үчүн аны жабык кароо чечими кабыл алынганын айтты. Бирок комитет башчысынын орун басары макулдашууну ратификациялоо ачык өтө тургандыгын белгиледи.
"Бул келишимде чындыгында эч кандай деле сыр жок, абдан так документ. Биз акыркы 70 жылдан бери биринчи жолу суу сактагычты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алып жатабыз", — деди депутат.
Процедура боюнча эки өлкөнүн президенттери документке кол коюп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жана ратификациялоого жөнөтөт. Чолпон Султанбекова бул макулдашуу долбоору парламентке чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча бир катар документтердин топтому менен чогуу келет деген оюн кошумчалады.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга иш сапары пландалып жатат, азырынча так күнү белгилене элек.