Жүздөн ашык өмүр кыйылган окуя: Индиядагы көпүрө кулаган учурдун видеосу

Кадрдан тургандардын ичинен бирөө эки жакка күүлөнүп, көпүрөнү терметип жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Индиянын ЖМКлары көпүрө кыйрап, 130дан ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен кырсыктуу ирмемдердин видеосун жарыялады.
Эске салсак, Индиянын Гуджарат штатында асма көпүрө кыйрап, бир топ адам көз жумган.
Видеодон адамдар бейкапар турганын, алардын ичинен бирөө эки жакка күүлөнүп, көпүрөнү терметип жатканын көрүүгө болот. Дал ошол учурда үстү жагынан кармап турган бекиткичтери чекесинин үзүлүп, мунун кесепетинен эл сууга кулаган. Анын кыйшайып калган жагынан эл төмөндү көздөй шыпырылып, ал эми экинчи жагындагы кармап турган трос үзүлгөн эмес.
Мурдараак дарыядан 177 адамдын куткарылганы айтылган. Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы бул көпүрө 140 жыл мурда курулган. Ал жети жыл реконструкцияланып жатып 26-октябрда колдонууга берилген. Odisha TV телеканалынын маалыматы боюнча, көпүрө кыйраган учурда анда 500дөй киши болгон. Арасында балдар дагы бар экени, 350дөй кишинин сууга кулаганы айтылган.
ЖМК: Сеулда Хеллоуинди майрамдайбыз деп 150дөй адам көз жумду. Видео