Индияда асма көпүрө кыйрап, 130дан ашык адам каза болду. Видео

Көпүрө кыйраган учурда анын үстүндө 500дөй киши болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Индиянын Гуджарат штатында асма көпүрө кыйрап, каза болгондордун саны 132ге жетти. Бул тууралуу Франс Пресс басылмасы полицияга таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, суудан 177 адам куткарылган. Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы бул көпүрө 140 жыл мурда курулган. Ал жети жыл реконструкцияланып жатып 26-октябрда колдонууга берилген. Odisha TV телеканалынын маалыматы боюнча, көпүрө кыйраган учурда анын үстүндө 500дөй киши болгон. Арасында балдар дагы бар. 350дөй киши сууга кулаганы айтылды.
ЖМК: Сеулда Хеллоуинди майрамдайбыз деп 150дөй адам көз жумду. Видео