БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кургак-Көл айылынын аймагында "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик тобунун 11 мүчөсү кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат кармоо иштерин Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзгөн. Топтун мүчөлөрү уюмдун ай сайын өтүүчү чогулушунда колго түшүрүлгөн.
"Тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган. Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди. Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.