Пресс-борбор

Эксперт дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин башкы күнөкөрлөрүн атады

Адис Украинадагы окуя менен азык-түлүк боюнча дүйнөлүк көйгөйдү так ажырата билүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөйдө колониалдык державалар, биринчи иретте Улуу Британия менен Франция күнөөлүү. Бул туурасында Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик университетинин профессору Алексей Кузнецов Sputnik маалымат борборундагы видео көпүрөдө айтып берди.
Ал азык-түлүк көйгөйү Украинадагы окуядан улам эмес, мындан он жылдаган мезгил илгери эле пайда болгондугуна токтолду.
"Алар XIX кылымдын аягынан тарта1960–1970-жылдарга чейин кожоюндук кылышкан, көз карандысыздыкка ээ болгон өлкөлөр өзүн-өзү камсыздоого жөндөмсүз болуп чыгышты. Европа биримдиги жана АКШ дүйнөдөгү азык-түлүктүн либералдык соодасы дүйнөлүк рынокто ЕБ менен Штаттардын чегине жеткенде бүткүдөй кылып, ошондой шартка алып келип такашкан", — деди Кузнецов.
Анын айтымында, Батыштын алдыңкы өлкөлөрүнүн айыл чарбасындагы протекционизми баарына белгилүү.
"ЕБдин азык-түлүк тармактарындагы өзүн камсыздай турган "жетишкендиктери" негизинен Евробиримдиктин сыртындагы рынокто атаандаштыкка жарабай тургандай кылып шартталган. Кеп кайталана берген кармашта эмес, бул дан рыногуна да тиешелүү болгон", — деп тактады эксперт.
Ал Украинадагы окуя менен азык-түлүк боюнча дүйнөлүк көйгөйдү так ажырата билүүгө чакырды.
Россия муктаж болгон мамлекеттерди буудай менен камсыз кылууга даяр