Бишкектеги ыштын себеби айтылып, алдын алуу жолдору сунушталды

Окумуштуулар ышты азайтуу үчүн жеке секторго жылуулук насосторун, энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жер үйлөрдө күкүртү көп көмүр жагылып жаткандыктан, кышында Бишкекти ыш каптоодо. Бул тууралуу Финляндиянын метеорологиялык институтунун БУУга берген отчётунда жазылган.
Изилдөөнүн авторлору ТЭЦтин ышка кошкон "салымын" бир гана пайыз деп эсептейт. Анткени анын морлору бийик болгондуктан, түтүн бир топ алыс жерге барып тарайт. Мындан улам окумуштуулар ышты азайтуу үчүн жеке секторго жылуулук насосторун, энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууну сунуштаган.
Отчётто Кыргызстандын борбору кышында дүйнөдөгү абасы эң булганган беш шаардын катарында экени айтылып, 2010-2019-жылдар аралыгында өлкөдө абанын булгануусунан улам 4 100-5 000дей адам каза болгону кошумчаланды.
Радио
Энназаров: Бишкекте абаны эмне булгап жатканын аныктоо иштери жүрүүдө