Кыргызстанда айрым товарлар арзандады. Антимонополия кызматынын тизмеси

Бир апта аралыгында көпчүлүк товарлар кымбаттаган, бирок арасында арзандагандары да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Монополияга каршы кызматы орточо баасы өзгөргөн товарлар боюнча маалымат берди.
Анда жазылгандай, бир апта аралыгында көпчүлүк товарлар кымбаттаган, бирок арасында арзандагандары да бар.
Антимонополия кызматы 19-октябрдан 26-октябрга чейинки бааларды салыштырган.
Тизме:
биринчи сорттогу ун (таңгакталган) — 55,2 сомдон 54,9 сомго арзандаган;
кумшекер — 88,3 сом болсо, азыр 88,2 сом;
күрүч (импорттолгон) — 110,8 сом болсо, учурда 110 сом;
гречка — 115,6 сом болчу, азыр 114,9 сом;
таруу — 60,4 сом болчу, эми 60,1 сомдон сатылууда;
фасоль — 111,7 сомдон 110,1 сомго арзандады;
тазаланган күн карама майы — 153,9 сомдон 150 сомго арзандады;
картошка — 24,6 сомдон 24 сомго түшкөн;
сарымсак — 163,1 сом болсо, учурда 160,3 сом;
алма (Кыргызстанда өстүрүлгөн) — 51,6 сомдон 50 сомго түштү;
сырттан ташылган алма — 105,5 сомдон 99,2 сомго арзандады;
цемент М-400 (Кыргызстанда чыгарылган) — 358,9 сом болчу, азыр 356,8 сом;
№40 тигүү жиптери (1 түрмөгү) — 41,8 сом болчу, учурда 40,7 сомдон;
жаныбарлардын жеми (аралашма тоют) — 41 сом болчу, учурда 38,8 сомдон сатылууда;
малдын жеми (кебек) — 20,2 сомдон 19,8 сомго түшкөн;
жүгөрү жеми — 25,8 сом болчу, эми 25,6 сомдон сатылып жатат.
Көмүрдү 4 800 сомдон кымбат саткандар болсо чалгыла! "Кыргыз көмүрдүн" эскертүүсү