Радио

Мадиев: илбирс аткандар 1,5 млн. сом айып төлөйт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев мыйзамсыз аңчылык үчүн кандай айып каралганын айтып берди.
Sputnik
Мергенчилик чарбалардын аймагында мыйзамсыз аңчылык жүрсө, алардын лицензиясы алынат. Бул тууралуу адис Мадиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамсыз аңчылык үчүн айыптын көлөмү дээрлик эки эсеге көтөрүлгөн.
"2015-жылдагы 715-токтомдо ар бир жаныбарды мыйзамсыз атканы үчүн төлөнүүчү айыптын наркы көрсөтүлгөн. Мисалы, чет элдиктер аркар, кулжа атып алса мурда 450 миң сом айып төлөчү. Учурда 700 миң сомго көтөрүлдү. Ал эми тоо текелерге салынган айыптын көлөмү 60 миңден 100 миң сомго чыкты. Жергиликтүү мергенчилерге 10-15 миң сомго чейин айып салынат. Мындайча айтканда, ар бир жаныбар үчүн өзүнүн баасы каралган. Эң көп ак илбирсти аткандар үчүн 1,5 миллион сом айып салынат. Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга миллион сом айып коюлган. Буларды аныктоо үчүн егерлер, инспекторлор иш алып барат. Мындан тышкары, мергенчилик чарбалар дагы өзүнүн аймагында мыйзамсыз аңчылыктын болушуна жол бербейт. Эгер мындай учур катталса, алар менен келишимди токтотуу каралган", — деди Мадиев.
Ошондой эле ал мыйзамсыз аңчылыкты аныктоо үчүн жергиликтүү жамааттар менен да кызматташуу жолго салынганын кошумчалады.