БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров өлкөнүн бийик тоолуу жана жетүүгө татаал шарттарына байланыштуу автомобиль транспорту Кыргызстанда транспорт тутумунун маанилүү элементи болуп эсептелине турганын, жүргүнчү жана жүк ташуунун 95 пайызы автоунаа менен жүргүзүлүп келерин белгиледи.
"Транспорттук ишканалардын уюштуруу-укуктук формаларынын түзүмү менен саны ар жыл сайын өзгөрүп турат. Азыркы учурда транспорт чөйрөсүндө талап кылынган уруксат кагаздарын электрондук форматка өткөрүү, дүйнө жүзүндөгү геосаясий кырдаалды эске алуу менен кыргыз жүк ташуучулары үчүн жаңы транспорттук коридорлорду пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү, автобекеттерде жүргүнчүлөргө заманбап шарттарды түзүү, экологиялык жактан таза электробустарды алып келүү жана электр кубаттоо инфратүзүмүн түзүү сыяктуу бир топ иштер турат", — деген куттуктосунда президент.
Кийинки мезгилдерде Кыргызстанда чоң-чоң стратегиялык маанидеги жолдор салынып жатканын айткан. Өлкө жакынкы келечекте эл аралык транзиттик мамилелердин иштиктүү катышуучуларынын бирине айланарына шек жок экенин да билдирген.
"Учурда чоң долбоорлордун ичинен Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолун куруу иштери ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилей кетели. Аталган долбоорду ишке ашыруу Россия — Казакстан — Кыргызстан — Тажикстан багыты боюнча өтмө транзитти камсыз кылат. Ал эми "Ысык-Көл айланма жол алкагын" куруп бүтсөк, "Батыш Кытай — Батыш Европа" магистралына чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Албетте, мындай олуттуу иш-аракеттердин аркасында жол чарба тармагынын күжүрмөн кызматкерлери турат", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерине бекем ден соолук, бакубат турмуш, иштерине ийгилик каалаган.