Жакын адамдардын ысымын телефонго кантип сактоо керек: коопсуздук кеңештери

Эксперт шылуундар жабырлануучунун жакындарына чалып, акча өндүрүүнүн айла-амалын кылышы мүмкүн экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Шылуундардан алыс болуу үчүн жакын адамдардын ысымын уюлдук телефонго сактаарда адаттагыдай "ата", "апа" деп жазбай эле койгон оң. Бул тууралуу "Известияга" маркетолог Ольга Бобровская айтып берди.
Ал телефон шылуундардын колуна тийсе жабырлануучунун ата-энесине же жакындарына чалып, акча өндүрүүнүн айла-амалын кылышы мүмкүн экенин билдирди.
"Алдамчылар адатта киши жол кырсыгына кабылганын же башка жагымсыз окуяга туш болгонун айтып, кайырмакка илишет", — деди эксперт.
Ошол эле учурда адис чынында кырсык болуп калса телефондун ээси менен жакындарын байланыштыра турчу номерлер да сакталышы керектигин белгиледи.
Психолог мессенджерде кайсы сөздөрдү колдонбош керектигин айтты